Улуу Кyрөш

12/47

10 Бап — Германиядагы Реформациянын Ийгиликтери

Лютердин таң калыштуу жок бoлyп кетиши, түгөл Германияны кабатыр кылды. Бардык жерлерде, ал жөнүндө сураштырып жатышты. Ар кандай божомолдор таратылып, жана көпчүлүгү, аны өлтүрүлгөндүгүнө ишенишкен. Бул окуя, бир гана анын досторун эле капалантпастан, Реформация тарапка али ачык кире албай тартынып жүрүшкөн миңдеген адамдарды дагы, кайгыга салды. Көпчүлүк адамдар анын өлүмү үчүн, өч алууга ант беришти. УК 167.1

Папанын жогорку бийликтеги адамдары, калайык-калк аларды жаман көрүп калышкандарына, абдан ачууланып көнө алышкаан жок. Башталышында алар, Лютердин өлүмү жөнүндөгү кабарды угушканда, ичтеринен кымыңдашып сүйүнүшкөн, көп узабай эле аларды бир гана oй курчап алды, - элдердин каарынан кантип жашынуу керек. Лютердин душмандары, эр жүрөк жана чечкиндүүлүк менен эркин адамдар, кылып жаткан иштерге Караганда, Лютердин дайынсыз жок бoлyп кеткендигинен, көбүрөөк сактана башташты. Бул тайманбаган реформаторду өлтүрүү үчүн, кыжырланып издеп жүрүшкөн адамдар, эми болсо, алсыз туткундан, үрөйү учуп коркуп жатышты. “Өзүбүздү куткаруунун бир гана себеби, - деди алардын арасынан бирөөсү, - бул, колубузга шамдал алып, Лютерди бүт дүйнөнү кыдырып издеп чыгышыбыз керек, жана аны таап, элге кайрып берүү” 133. Императордун чыгарган буйругунун, эч нерсеге күчү жеткен жок. Папанын өкүлдөрү, императордун буйругуна Караганда, Лютердин тагдыры элди көбүрөөк кызыктырып жаткандыгын көргөндө, абдан үрөйлөрү учуп, таң калышты. УК 167.2

Ал, эч ким билбеген сепилде, тирүү жана коопсуз экендиги жөнүндөгү кубанычтуу кабар, бир гана калайык-калкты тынчтандырып тим болбостон, бирок ага болгон өтө терең жагымдуулукту туудурган. Анын жазган чыгармаларын, адамдар баштагыдан дагы ынтаалуулук менен окуй башташты. Акырындык менен, ушул Кудай Сөзүн кайраттуулук менен коргочологон, күжүрмөн адамдын катарына, кошулган адамдардын саны көбөйгөндөн - көбөйүп өсө берди. Реформация иши күч алагандан, күч алды. Лютер аркылуу себилген үрөөн, бардык жерде өсүп чыга баштады. Анын дайынсыз жок бoлyп кетишиндеги ишти, ал бар кезде жасоого мүмкүн эмес эле. Качан күжүрмөн жетекчи дайынсыз жок бoлyп кеткенде, башка ишкер адамдар өздөрүнө калган чоң жоопкерчиликтерин сезишкен. Жацы ишеним жана өздөрүн толук арноо менен, алар алдыга чыгышып, даңктуу башталган иш, эч кандай тоскоолсуздан алдыга жылышы үчүн, бүт күчүн жумшашкан. УК 167.3

Бирок шайтан дагы, алакан жайып отуруп калган жок. Эми ал, ар бир реформатордук кыймылдын, же ар бир жандануунун мезгилинде кылынып келинген иштерин, жасоону улантып жатты,булар, алдоо жана чындыкты жалгандыкка айландырып, адамдарды өлүмгө түртүү. Биринчи жүз жылдыкта, жалган машаяктар пайда болгон сыяктуу, азыр XVIкылымда дагы, жалган пайгамбарлар пайда боло башташкан. УК 168.1

Христиан дүйнөсүндө бoлyп жаткан, диний жандануулардын аркасында, бир нече адам, аларга Асман аркылуу өзгөчө аян берилгендигин, жана Лютер аркылуу башталган Реформатордук иштин аягына чыгууну, Теңир аларга табыштаганын айтышты. Чындыгында алар, Лютер аркылуу башталган ишти талкалоону каалашкан эле. Анткени алар аркылуу, Реформациянын негизи бoлyп эсептелген, Кудай Сөзү, ишеним жана өмүрдүн жападан жалгыз эрежеси, деген чындык колдонулган эмес. Бул жаңылбаган жол Көргөзүүчүнүн ордуна алар, адамдарды туруксуз жана кутка-рылуу алып келе албай турган, өз сезимине жана бир нерсенин таасирине ишендирүүгө, аракеттенишкен. Чындык менен жалгандыктын Таразасын четке кагуу менен, алар өздөрүнүн аң - сезимин, шайтанга башкарууга тапшырды. УК 168.2

Ал жалган пайгамбарлардын бири, бизди Жебирейил периште өзү башкарып жатат, деп бышыктаган. Ал адамдарга дагы бир студент кошулган, ал өз окуусун таштап, Теңир мага Өз Сөздөрүн талкуулоогө керектүү болгон даанышмандык тартуулаган, деп жарыялаган. Ал эми алардын катарына өз кезегинде, фанатизмге берилген башка дагы адамдар кошулушту. Ушул ишке өтө ынтаалуулук менен берилген адамдардын кылган иштери, адам-дардын бир далай тынчын алды. Лютердин айткан насааттары, адам-дарга реформа керектигин билдирген, эми болсо, бул чын ыкластан ишенимге берилген адамдарын кээ бири, жаңы пайгамбарлардын жалгандыгына ишенип жатышты. УК 168.3

Бул жаңы кыймылдын жетекчилери, Виттенбергке келишип, Меланхтонго жана аны менен чогуу иштешкен адамдарга, өз укуктары жөнүндө айтышты. Алар мындай дешкен: “”Биз Кудай аркылуу адам-дарды насааттоого жиберилгенбиз. Биздин Кудай менен болгон байланышыбыз өтө тыкыз. Бизге алдыда боло турган нерселердин баары маалым, кызкасын айтканда, биз доктор Лютер жардамдаша турган пайгамбарлар жана элчилербиз” 134. УК 168.4

Ушул нерселердин бары, реформаторлордун түйшүгүн көбөйттү. Ушул мезгилге чейин алар, буга окшогон адамдар менен жоолугушуп көрүшкөн эмес, жана буларга карата, кандай чара колдонуу керектигин дагы биле алышпады. Меланхтон мындай деди: “Бул адамдар, чындыгында эле кандайдыр бир башкача рухтун жетегинде экен, бирок бул эмне деген рух болду экен?... Бир жагынан Кудай Рухун кууп албашыбыз үчүн сак болушубуз керек, ал эми экинчи жагынан болсо,шайтан руху бизди жазгырып кетпеши үчүн, өтө сак болушубуз керек” 135. УК 169.1

Бул жаңы окутуунун жемиштери, көп убакыт өтпөстөн эле, кандай экендиги билинип калды. Адамдар Кудайдын Мукаддас Китебине маани беришпей, жана Аны таптакыр окууну токтотуп коюшту. Окуу жайларда, аралашуулар башталды. Студенттер болсо, өздөрүнө тыйуу салынган нерселердин баарын токтотушуп, окууларын калтырышты жана университетти таштап кетишти. Реформация иштерине жоопкерчиликтүүбүз деген адамдар, бул ишти толук жок кылып жиберүүгө чейин барышкан. Ал эми римдиктердин жактоочулары, бул иштерди көргөндө, кубануу менен салтанат курушуп, мындай деп айтышты: “Дагы бир жолу күч жумшай турган болсок,баары биздин колубузга кайрадан кайрылышат” 136. УК 169.2

Качан Вартбургка бул жөнүндөгү кабар жеткирилгенде, Лютер терең кайгыруу менен, мындай деп айтты: “Шайтан ушул сыяктуу кайгыларды алып келээрин, мен ардайым сезип жүргөм” 137. Ал, бул жалган пайгамбарлардын чыныгы жаратылышын, жана чындыкка залакасын тийгизе турган, коркунучун көргөн. Бул бoлyп жаткан кайгы сыяктуу, аны папанын жана императордун коркутуулары дагы, көңүлүн чөгөрүп кайгырткан эмес. Реформациянын жакын достору, анын каардуу душмандарына айланышты. Анын кайгыланган жан дүйнөсүнө, көп деген кубаныч жана сооронуу алып келген чындыктар, эми ажыроонун жана Жыйындын аралашуусунун себеби бoлyп жатат. УК 169.3

Реформа иштерин жасоодо, Кудай Руху Лютерди колдонгон, жана Анын колдоосу менен, адам кыла ала турган нерселерден алда канча жогору иштер жасалган болуучу. Бул ишти ал, азыркы бoлyп жаткандай кылып өзгөртүүнү каалаган эмес; мындай кескин түрдө өзгөрүүлөрдү киргизүү, анын планына таптакыр кирбеген. Ал болгону гана, Түбөлүктүү Күчтүн, колдонгон куралы гана болгон. Өзүнүн жасаган иштеринин акыры эмне боло тургандыгын ойлонуп олтуруп, ал ар - дайым дирилдөөчү, жана бир жолу муну баамдаган: “Менин окуткан окутууларым, жада калса, эң эле караңгы жана жөнөкөй адамга залака тийгизе тургандыгын билгенден көрө, өзүмдүн он жолу өлүүмө макул болмокмун. Бирок тилекке каршы мындай болуусу мүмкүн эмес, анткени менин окутуум, Жакшы Кабардын негизинен алынган” 138. УК 169.4

Виттенберг Реформациянын борбору, фанатизм жана мыйзамсыздыктын бийлигинин отун жандыргандардын алгачкыларынын бири. Мына ушундай кайгылуу учурга Лютердин окутууларынын эч кандай айыбы жок эле, бирок Германиядагы анын бардык душмандары ушуну бекемдешкен. Ички дүйнөсү туталанып, ал кээде өзүнөн минтип сурануучу: “Чын эле, Реформациянын улуу иштери, ушуну менен жогорулабастан бүгүп калабы?” 139. Жана кайрадан, ички дүйнөсүндө Кудай менен күрөшүп олтуруп, сыйынуудан кийин, анын жүрөгүн кайрадан тынычтык ээлеп турган. “Бул иш менин ишим эмес Теңир, бирок Сенин ишиң, - деп айткан ал. Бул башталган ишти ырым - жырымдарга ишенүү, жана фанатизм шылдың кылып басып салуусуна, Сен жол бербейсиң”. Бирок ушул кыйын кырдаалда, күрөштөн тышкары карап турууну ал каалаган жок, жана Виттенбергке кайрылып келүүнү, ал туура деп чечти. Лютер убакытты көпкө созуп турбастан, ушул коркунучтуу сапарга чыкты. Бул империяда бoлyy, ал үчүн мыйзамсыздык бoлyп саналган. Анын душмандары, баштагыдай эле аны өлтүрүп коюга укуктуу болуучу; анын досторуна, баштагысындай эле ага жардам берүү, жана ага меймандостук көргөзүү, тыйуу салынган. Императордун бийлиги, анын жолдоочуларына карата, өтө катуу чара колдонушкан. Бирок ал, Жакшы Кабардын иштерине коркунуч туулуп жаткандыгын көрдү, жана Теңирдин Ысымынын атынан, чындык үчүн күрөшүүгө эр жүрөктүүлүк менен, алдыга карай жөнөдү. УК 170.1

Өзүнүн Виттенбергдеги башкаруучуга жазган катында, Вартбургту таштап кетүү себебин түшүндүрүп, Лютер мындай деп жазган: “Сиздин улуу төрөлүк ырайымыңызга белгилүү болсун, мен Виттенбергке кайтып бара жатам; мен ал жакка, төрөлүк колдоодон дагы жогору болгон, колдоо менен бара жатам. Мен сизден мени колдоп коргочоло деп суранбайм, сиз мени колдогондон дагы, мен сизди колдоо үчүн бара жатканымды билем. Эгерде сиздин улуу урматтуулугуңуз мени коргочолоп жаткандыгын биле турган болсом, анда мен эч качан, Виттенбергке бармак эмесмин. Бул ишти кылыч менен алдыга жылдырууга мүмкүн эмес; Кудай Өз иштерин, адамдардын кеңешүүсусүз, жана алардын жардамысыз аткарышы керек. Ошондуктан ким көбүрөөк ишене турган болсо, ал барынан көбүрөөк коргочолонуп турат” 140. УК 170.2

Виттенбергке кетип бара жаткандагы жазган, өзүнүн экинчи катында, Лютер мындай деп кошумчалаган: “Мен өзүмдүн үстүмө, cиздин нааразычылыгыңызды, жана бул дүйнөнүн каарын алууга даярмын. Виттенбергдин тургундары менин койлорум эмес бекен? Жана эгерде керек боло турган болсо, алар үчүн өлүмгө дагы баруум зарыл эмеспи? Жана андан тышкаары, Кудай биздин элди жазалоочу, элдик кыймыл чыгып кетеби деп абдан чоочулайм” 141. УК 171.1

Өтө сактык жана момундук менен, ошону менен бирге эле, Лютер чечкиндүүлүк жана кайраттуулук менен, өз ишин аткарууга бел байлады. “Биз Сөз менен, - эмнелер өкүм зордук менен олтургузулган болсо, ошолордун баарын, талкалап жок кылышыбыз керек. Мен ырым - жырымга ишенүүчүлүктү жана эч нерсеге ишенбестикти, күч менен жок кылам деп ойлоп турганым жок... Эч кимди зордоого болбойт. Эркиндик - бул чыныгы ишенимдин негизи бoлyп саналат” 142. УК 171.2

Көп узабастан, Лютер насаат айтуу үчүн Виттенбергке кайтып келе жаткандыгы жөнүндөгү кабар, түгөл шаарга тарап кетти. Ар тараптан адамдар агылып келишкендиктен, жыйын өткөрүүчү жай, адамдарга толуп кетти. Кафедрага көтөрүлүп Лютер, баштагыдан дагы даанышмандык жана момундук менен, адамдарды сооротуп жана айыбын ачып жатты. Чогулган адамдарды, күч менен жок кылууну каалагандарды эске алып, ал мындай деп айткан: “Кечирим берүүчү эрежелер -адамга кереги жок эрежелер, булар Кудайдын эрки менен жасалбайт, жана алар мындан мурда эле жок болушу керек эле. Бүт дүйнөдө, анын ордуна, Инжилдеги коюлган, Теңирдин Кече Тамагы өткөрүлүүсүн мен каалар элем. Бирок биз эч кимди мындай кыл деп мажбурлай албайбыз. Баары Кудайдын Кудуреттүү Колунда, ошондуктан биз эмес, бирок Анын гана Сөзү аракеттениши керек. Эмне себептен?деп силер сурашыңар мүнкүн. Анткени карапачы өз колунда чопо кармап турган сыяктуу, мен силердин жүрөгүнөрдү колума кармап турган жерим жок. Биздин айтканга укугубуз бар, бирок, бүрөөнү мажбур кылганга укугубуз жок. Биз бир гана насаат айтышыбыз керек, ал эми калган нерселердин барын Теңирдин Колуна тапшырабыз. Эгерде мен күч колдоно баштай турган болсом, анда Ал мени эмнеге алып келмек эле? Бир гана анткорлукка, сырткы түзулүшкө кароого, кошоматчылыкка, эки жүздүүлүккө жана ар - кандай көрсөтмөлөрдүн пайда болушуна, алып келмек... Бирок мунун баарында, жүрөктөн чыккан айкындык, же ишеним, же сүйүү болбойт. Кай жерде ушул үч жакшы иштер болбой турган болсо, ал жерде эч нерсе жок, жана мен мындай жасалган иштерге, бир тыйын дагы сарптамак эмесмин... Теңир Өз Сөзү аркылуу, силер, мен жана бул дүйнө кылган нерселерден, алда канча көп иштерди жасай алат. Кудай жүрөктөрдү жеңүүнү каалайт, ал эми жүрөктөр багына турган болсо, анда баардыгы багынган бoлyп эсептелет...” УК 171.3

“Мен насаат айта алам, жана баарлашып жаза алам, бирок эч убакта, эч кимди мажбурлай албайм, анткени ишеним, өз ыктыяры менен гана болуусу тийиш. Менин кылган иштерим жөнyндө ойлонуп көргүлө. Мен папага, кечирим берүүчү кагаздарга, жана папанын жактоочуларына каршы, сөз айткам, бирок эч качан адамдарды басып алууга зордоп, төңкөрүлүш чыгарган эмесмин... Мен бир гана Кудай Сөзүн жарыялагам; мен насаат айткам, жана чыгармаларды жазгамболгону ушул. Жана качан мен уктап жатсам дагы... менин айткан насааттарым, императорлордун жана төрөлөрдун колунан келе албай тургандай бoлyп, папанын бекем тамырын талкалап турду. Жана мен ошондо дагы эч нерсе кыла алганым жок. Баары Кудай Сөзү менен аткарылган. Эгерде мен кан төгүү менен кайрыла турган болсом, анда Германиянын баары канга айланмак. Бул эмнеге алып келет эле? Адамдардын рухун жана денесин өлтүруугө. Ошондуктан мен өзүмдү тынчтыкта сактайм, жана бул дүйнөнү Кудай Сөзү гана багындырсын” 143. УК 172.1

Бир жума аралыгында Лютер суусаган жүрөктөргө, күн сайын насаат айтып турду. Жана Кудай Сөзү, фанатизмдин каргышын, талкан ташын чыгарып, талкалады. Жакшы Кабардын Күчү, адашкан жүрөктөрдү, чындык жолго чыгарды. УК 172.2

Лютер эч качан, Реформация иштерин талкалоо үчүн, өз болгон аракеттерин жасаган, фанатиктер менен жолугушууну каалаган эмес. Бул ооздукталбаган азоо, өздөрүнүн чолок акылдары менен oй жүгүрткөн адамдар, Асмандык ачылыштарды алып жатабыз дешээрин, жана кичинекей кеңеш, болоор - болбос айып ачууларга дагы, чыдамдары жетпестигин, ал жакшы билген. Өздөрүнүн жогорку бийликтерине таянуу менен, алар ар бир адамдан алардын талаптарын аткаруусун талап кылган. Ал эми качан алар Лютер менен жоолугушууну каалашып, аларды мажбурлаганда, Лютер алар менен жоолугушуп, бул өзүн көтөргөн адамдардын айыбын ушунчалык ачкандыктан, алар Виттенбергди шыр эле калтырып кетип калышты. УК 172.3

Бул кыймыл убактылуу токтоп калды, бирок бир нече жыл убакыт өткөндөн кийин, бул фанатизм баштагысынан дагы зордоосу күчөп, жана аягы мурдагы кайгыдан дагы жаман боло турган, окутуусу менен кайрадан пайда болду. Бул кыймылдын жетекчилерине Лютер мындай деп айткан: “Алар үчүн Ыйык Жазуу,бул жөн гана жазылган күчү жок тамга. Жана ошондуктан алар мындай деп жар салышкан: “Рух! Рух!” Мен бул рухтун адамдарды кайда алып бара жаткандыгын билбегендиктен, алардын артынан ээрчий албайм. Баардыгы ыйык бoлyп саналган жыйындардын, арасында болуудан Кудай мени сактасын. Мен жөнөкөй жана алсыз, ооруу адам-дардын арасында болгум келет - жана ким өз күнөөсүн моюнуна ала турган болсо, ошолордун арасында болсом дейм. Ким өз жүрөгүнун тереңинен, Кудайга зарлап кайрылса, аларды сооротуп жана жардам бер, деп Ага өтүнөм” 144. УК 172.4

Ушундай ишкер фанатиктердин бири Томас Мюнцер, эгерде чындык жолго келе турган болсо, көп пайда алып келе турган, жөндөмдүү адам эле. Бирок ал, чыныгы диндин негиздерин кабыл алган эмес. “Бул дүйнөнү кайрадан жаңыртууга болгон анын каалоосу өтө чоң болуучу, бирок көпчүлүк ишке өтө берилген адамдар менен болгон сыяктуу, ал кайрадан жаңыланууну өзүнөн баштаганды унутуп койгон” 145. Ал коомчулукта көрүнүктүү орунду ээлегенди каалаган, жана өз замандаштарына, өз таасирин тийгизгиси келген, жада калса, - Лютерден кийин экинчи болгусу келген эмес. Ал мындай деп айткан: реформаторлор Ыйык Жазууга таянышат, жана ошондуктан алар, папалык экинчи кыймылды түзүп жатышат. Анын айтымы боюнча, чыныгы реформа ишин, Теңир ага гана жүктөгөндүгүн баяндаган. “Ким бул рухка ээ боло турган болсо, - дейт Мюнцер, - мейли ал, өз өмүрүндө эч качан Ыйык Жазууларды көрбөсө дагы,чыныгы ишенимге ээ боло алат” 146. УК 173.1

Бул фанатик окутуучулар, толугу менен күчтүү сезимде болушкан, жана өзүнүн бардык ойлорун, кыялдарын Кудайдын Үнү катары кабыл алышкан, жана ошол сезимдер аларды, бoлyп көрбөгөндөй, адашууга алып келген. Алардын кээ бирлери өздөрүнүн Ыйык Китептерин отко жагып салышкан, жана минтип айтышкан: “Тамга өлтүрөт, ал эми Рух өмүр берет”. Мюнцерндин окутуулары, адамдарды кандайдыр бир, бoлyп көрбөгөндөй сезимге тарткан, жана алардагы текебердикти жандандырган,анткени алардын адамдык ойлору жана сунуштары, Кудай Сөзүнөн жогору коюлган. Анын окутууларын, миндеген адамдар ээрчишкен. Көп өтпөстөн, ал жалпы өткөрүлүүчү бардык диний кызматтарды айыптаган, жана мындай деген, төрөлөргө баш ийүү, -Кудайга, жана шайтанга кызмат кылууга аракеттенүү. УК 173.2

Папанын оор түйшүгүнөн, жаңы гана бошоно баштаган адамдар, мамлекеттик бийликтер тараптан болгон кысымчылыктар менен келише алышкан эмес. Өзүнүн революциялык окутуусун Кудайдан деп түшүнгөн Мюнцер, өз жолдоочуларына ар -кандай бийликтерден эркин болууларына жол берген, жана алардын өз ойлоруна жана кумарларына, баш ийип туруусун айткан. Жана алардын жыйынтыгы, мындай деп айтууга шашып жатты: кагылышуу жана козголоң башталары менен, Германия канга толуп кеткен. УК 173.3

Бул, өзүн Реформацияга жабыштырган фанатизмдин акыры эмне болгондугун көргөн Лютер, качандыр бир кезде, Эрфуртта тарткан ички дүйнөлүк туталанууcуи, кайрадан тартты. Папанын жетекчилери, козголoң - бир гана Лютердин окутуусунун жыйынтыгы дешкен, жана алардын ойлорун кеп деген адамдар колдошкон. Бирок бул айыптоо үчүн эч кандай шылтоо табылбаса дагы, ал айыптоо реформаторду терең кайгыга салган. Бул анын күчүнөн жогору болгон,чын-дыкты, артта калган фанатизм менен салыштырууну көрүү, жана ошону менен, анын кадырын кетирүү, ал үчүн кыйын болуучу. Экинчи жагынан болсо, бул козголоңчулар Лютерди жаман көрүп калышкан, анткени ал алардын окутууларына каршы, ачык -айкын айтып эле тим болбостон, алар кадырлаган шыктанууларды четке каккан, жана аларды, мамлекеттик бийликтин козголоңчулары, деп жарыялаган. Буга жооп катары, алар Лютерди кара санатай эки жүздүү адам дешкен. Ал өзүнө төрөлөрдүн жана калайык калктын, каарын жүктөп алган сыяктанды. УК 174.1

Буга шаттанган папанын жолдоочулары, жакында Реформация иштеринин, аягы тыйылат дешти. Алар Лютерди, ал жан дили менен ондоону каалаган, кичинекей каталар менен дагы айыпташкан. Жалган реформациянын жактоочулары, ар - кандай жалгандыктарды айтышып, алар менен туура эмес мамиле кылгандыгын, далилдөөгө аракет кылышкан. Жана, ар бир эки жүздүү адамдар менен болгон сыяктуу эле, көпчүлүк адамдар, аларды азап чегүүчү катары көрүүлөрүнө, алып келишкен. Ушундай жол менен, Реформацияга каршы болгон күчүн жумшап турган адамдар, өздөрүн кысымчылыктын жана азап тартуучулардын катарында көргөзүп, аларга карата аяныч жана урмат көргөзүүчүлүккө жетишкен. Бул чынында эле, Асманда төңкөрүлүш көтөргөн, шайтандын иши эле, азыр дагы ошол эле козголоң рухун жандандырды. УК 174.2

Шайтан ардайым, адамдарды алдоого жана адилеттикти -күнөө деп, ал эми күнөөнү адилеттик, деп айттырганга шашат, жана ошону менен ар -дайым иришип жүрөт. Кандай чоң ийгиликке, ал жетишип олтурат! Кудайдын ишенимдүү кызматчылары, чындыкты эр жүрөктүүлүк менен коргогондугу үчүн эле, канчалыктуу көп сандаган жемелерге, жана айыптоолорго кабылышат! Шайтандын кошоматчы жанжөөкөрлөрү, сыйурматка бөлөнүшөт; аларды макташат, аларга кошомат кылышат, жада калса аларды азап чегүүчү катары корушот; бирок чынында, кимди Кудайга карата болгон ишеними үчүн, урматтоо керек болсо, аларды жек көрүшүп, жана аларды, жаман нерселерде күмөн санашат, алар баарына жек көрүндү. УК 174.3

Эки жүздүү касиеттүүлүк, жасалма берилгендик, адамдарды адашууга алып кирүүсүн улантып жатат. Алар ар -кандай түр алышып, азыр дагы Лютердин күндөрундөгүдөй, Ыйык Жазуулардан адамдарды алагды кылып, Кудай Мыйзамына Караганда, адамдар өз сезимдерине кебүрөөк көңүл буруусуна үндөйт, жана талыкпай аракеттенет. Чындыкты жана тазалыкты шылдың кылуу үчүн, шайтан ардайым, ушундайча аракеттенет, - жана көп деген ийгиликке жетишет. УК 174.4

Лютер ар тараптан болгон соккудан, Инжилди эр жүрөктүүлүк менен коргочологон. Кудай Сөзү бул жерде дагы, күчтүү туу көтөрүүчү курал бoлyп калды. Ушул Сөз менен Лютер, папанын зордук менен тартып алган бийлиги, жана жалаң акылга негизделген философтук окумушуулар менен, күрөшкөн; ошол эле мезгилде ал, бекем аска таш сыяктуу, Реформацияга кирүүгө аракеттенген, фанатизимдин катуу чабуулуна туруштук берген. УК 175.1

Ушул каршы турган күчтөр, өз тарабынан Ыйык Жазуулардан баш тартышып, диний адамдардын, чыныгы булагы, бул адамдардын даанышмандыктары дешкен. Турмушка жалаң эсакыл менен мамиле кылуучулук, сезимге баш ийет, жана аны чындыктын негизи кылып бекемдейт. Рим чиркөөсү, папанын Кудайдан шыктангандыгын жактагандыктан, бул мурасчылыкты, элчилердин мезгилинен алгандыгын айтышып, жана бул касиет калган көптөгөн кылымдарга калаарын далилдешет. Жана бардык чектен чыгуучулукка жана сатылуучулукка жол беришет, жана аларды, элчилик касиеттүү кийимдин ичине жашырууну каалашат. Мюнцердин жана анын жактоочуларынын, Кудайдан шыктанганбыз деген сөздөрү, жөн гана алардын кыялдарынан чыккан жөрөлгөнүн жемиштери болуучу, алар диний бийлик менен, мамлекеттик бийликке өзүнүн өлтүрүүчү таасирин тийгизмек. Чыныгы христиандар, Кудай Сөзүн, Кудайдын Улуу чындыктарынын Кенчи катары, жана бардык oй жүгүртүүлөрдүн таразасы катары кабыл алышат. УК 175.2

Вартбургдан кайтып келгенде Лютер, Жаңы Осуятты, өз тилинде көтөрүп бүткөн, жана көп убакыт өтпөстөн, германиянын тургундары, Жакшы Кабарды өз тилдеринде окууга мүмкүнчүлүк алышкан. Чындыкты сүйгөн ар бир адам, бул Ыйык Жазуунун котормосун, кубануу менен кабыл алып жатышты. Бирок ким адам чыгарган эрежелерге жана ырым -жырымдарга карманышкан болушса, бул Сөздү жек көрүү менен четке кагышкан. УК 175.3

Дин кызматчылар болсо, жөнөкөй адамдар алар менен бирдей эле, Кудай Сөзүн талкуулай ала тyргандыгына капаланышты, анткени эми алардын түркөйлүгүнүн айыбы ачылат. Алардын жердик даанышмандыктары, Рухтун Кылычынын алдында, өтө эле алсыз болуучу. Рим жардамга, өзүнүн болгон күчүн жумшап, Ыйык Жазуулардын таратылуусуна жолтоо болуусуна ара-кеттенген. Бирок бардык буйруктар, чиркөөдөн чыгаруулар, жана коркутуп -үркүтүүлөр, эч кандай жардам бере алган жок. Рим канчалык айыптап, Ыйык Жазууларды окууга тыюу салган сайын, ошончолук адамдарда чындыкты билүү үчүн, аракет дагы көбөйгөн. Китептерди адамдарөздөрү менен кошо алып жүрүп, кайракайра узун бөлүмдөрүн жаттап алганча окушкан. Жаңы Осуяттын кандай кубанычтуулук менен кабыл алынгандыгын көрүп, Лютер Байыркы Осуятты которуга киришти, жана аны өзү көтөргөн боюнча, бөлүпбөлүп берип отурду. УК 175.4

Лютердин жазган чыгармалары, шаарда жоолуккан сыяктуу эле, айылда дагы жоолугуп турду. “Лютер жана анын достору жазган кол жазмалар, башка адамдар аркылуу таратылып жатты. Монахтардын убадасынын мааниси жоктугун сезишкен кээ бир монахтар, өздөрүнүн көп убакыт эмгексиз калгандыгына байланыштуу, бирок Кудай Сөзүн айтууга дагы, жөндөмү болбогондуктан, шаарларды жана айылдарды кыдырышып, Лютердин жана анын достору жазган китептерди, сатып жүрүштү. Көп убакыт өтпөстөн, ушул күжүрмөн адамдар, түгөл Германияга саякаттап кетишкен” 147. УК 176.1

Бул жазылган чыгармалар, байларды да, кедейлерди да, билимсизди да, билимдүүнү дагы кызыктырбай койгон жок. Кечкисин, айылдык мугалимдер, камин алдында топтолушкан адамдарга бул китептерди окуп беришкен. Ар бир мезгилде, сөз окулган сайын, бир нече адам чындыкка бекемделишип, өз кезегинде, уккан Жакшы Кабарларын башкалар менен бөлүшкөн. УК 176.2

Ыйык Жазуунун минтип айткан Сөздөрү ордунан чыкты: “Сенин Сөздөрүңөн алган ачылыш көзду ачат, жөнөкөйлөргө акыл берет” (Забур 118:130). Мукаддасты изилдөө адамдардын акылында, жана жүрөгүндө чоң өзгөрүү жаратты, анткени көп деген жылдар, алар папанын бийлигиндеги, темир кишендерде болушкан. Ишенген адамдар, ырым -жырымдарды коркуу менен аткарышкан, бирок алардын аң-сезимдери жана жүрөктөрү, жемишсиз кала берген. Лютер өз насааттарында айткан, Кудай Сөздөрүндөгү ачык-айкын чындыктар, жөнөкөй адамдарга берилгендиктен, алардагы уктап жаткан күчтү ойготуп, адамдагы руханий жаратылышты тим гана тазалап, жана коргочолоп койбостон, алардын аңсезимдеринин өсүшүнө дагы, өзүнүн чоң таасирин тийгизет. УК 176.3

Бардык жерде, колдоруна Мукаддас кармаган, ар кандай даражадагы адамдарды, Реформациалык кыймылды жактап жаткандарын көрүүгө болмок. Бир кездерде, Ыйык Жазууларды изилдөө, бир гана дин кызматчылардын жана монахтардын иштери деген, папанын жактоочулары, эми аларды, жаңы окутууну жек көргөзүүчү сөз ай-тууга чакырып жатышты. Бирок, бир кездерде, Ыйык Жазуу жана Кудайдын Күчүн билбеген дин кыз-матчылар, өздөрү адаштыруучу, жана билимсиз деген адамдардан, кайрадан талкалануучу сокку ала башташты. “Тилекке каршы,деп жазат, бир католик,Лютер өз жолдоочуларына, Ыйык Жазуулардан башка эч нерсеге ишенбегиле деп, үйрөткөн” 148. Билими жогору болбогон адамдар, талам-тартыш чогулуштарында, окумуштуу, жана бал тилдүү адамдар менен, чындыкты жактап жаткандарын угуу үчүн, көп сандаган адамдар чогулушкан. Бул көрүнүктүү адамдардын, айткан таламдары, жөнөкөй Кудай Сөзүнүн чындыктарына каршы эч нерсе айта албай такалып калышкандыгы адамдарга көрүнүп, шылдың болушкан. Кол өнөрчүлөр, жоокерлер, аялдар жана балдар, дин кызматчылар жана Кудай Сөзүн талкуулаган окумуштууларга Караганда, Мукаддастын окутуулары менен, көбүрөөк тааныш болушкан. УК 176.4

Жакшы Кабардын окуучулары менен, папанын жактоочуларьшын ырым — жырымдарга ишенүүчүлүгүнүн айырмачылыгы, жөнөкөй адамдарга караганда, окумуштуу адамдардын арасында көбүрөөк билинип турду. “Бийликти күч менен алган адамдардын эски жактоочулары, тилдерди дагы, жана китептерди дагы билишкен эмес... буларга каршы протестанттардын нуру төгүлгөн жаштары, каршы чыгып, алар Ыйык Жазууну берилгендик менен изилдешип, байыркы мезгилдеги үлгүлүү чебер чыгармалар менен таанышышкан. Тирүү аң - сезимге, жогорку жан дүйнөгө, баатыр жүрөккө ээ бoлyy менен, бул жаш адамдар, тунук билим алышкандыктан, көп убакытка чейин, булар менен эч ким акыя айтыша алышкан эмес... Качан, Реформациянын жаш коргоочулары, католиктердин диний окумуштуу адамдары менен жоолугушканда, алар католиктердин чыгарган тыянактарын, жеңил гана айыбын ачып, аларды бурчка кептешкендиктен, алар эмне деп актанаарын билишпей, элдердин алдында өз түркөйлүктөрүн көргөзүп тим болушкан, жана жалпы жааматка жек көрүнүшкөн” 149. УК 177.1

Качан католиктердин дин кызматчылары, өздөрүнүн чиркөөлөрү бошоп бара жаткандыгын көрүшкөндө, алар жардамга, мамлекеттик бийликтерге кайрылышып, жана “жоголгон койлорду” кайруу үчүн, болгон аракеттерин жасап далбасташкан. Бирок адамдар, жаңы окутуулардан, өздөрүнүн бөксөргөн жан дүйнөсүн кубанычка толтура турган байлык табышты, жана аларды ушунча көптөгөн мезгил, ырымжырым эрежелеринин, жана адамдык каада - салттардын коко тикендери менен соороткон адамдардан, өз жүздөрүн бурушкан. УК 177.2

Ал эми качан, чындыктын окутуучуларын, каардуу куугунтуктоолор аңдуу салганда, алар Машаяктын, минтип айткан сөздөрүн эстерине салышкан: “Качан силерди бир шаардан кубалаша турган болсо, экичи шаарга качып баргыла” (Мф. 10:23). Чындыктын жарыгы бардык жерге өз шоолосын чачты. Куугунтукталган качкындар, кай бир жерлерде, өздөрүнө баш паана табышып, ошол токтогон жерлеринде, Куткаруучу Машаяк жөнүндө насаат айтышкан. Кээде аларда мындай мүмкүнчүлүктөр жыйындарда болсо, ал эми эч кандай мүмкүнчүлүк болбой калганда, алар өз насааттарын, жеке тамдарда, жана токойлордо же талааларда айтып өткөрүшкөн. Эгер бир эле угуучу боло турган болсо, кай жер гана болбосун, ал жер касиеттүү жер бoлyп эсептелген. Жана ушунчалык жандануу жана тырышкандык менен жарыяланган чындык, көп деген жүрөктөргө кирип, аларды багындырган. УК 177.3

Диний жана мамлекеттик бийликтин, бул адамдарды жок кылуу үчүн жасаган бардык аракети, бекер болду. Алардын жардам үчүн, зындандарга, кыйноочу жайларга, от жалынына, жана кылычтарга болгон кайрылуусунан эч кандай, пайда табылган жок. Миндеген Кудайдын ишенимдүү уулдары, өз ишенимдерин каны менен жуушту, жана токтолбостон таратылып жаткан, чындык жөнүндө күбөлөндүрүшкөн. Куугунтук жанданууну гана алып келди, ал эми фанатизмди чындык менен аралаштырууну каалаган, шайтандын бардык аракетинен, Кудайдын иши менен, шайтандын ишиндеги айырмачылыктын, даана ачык көрүнүүсүнө гана өбөлгө түзүлгөн. УК 178.1