Улуу Кyрөш

22/47

20 Бап — Улуу Диний Ойгонуулар

Иоанндын Аян Китебиндеги 14-бапта жазылган, биринчи периштенин кабарындагы, Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү кабары, Улуу диний ойгонууларды туудурган. Биз учуп бара жаткан периште жөнүндө мындай деп окуйбуз, “жерде жашагандарга, жана ар урууларга, тилдерге, тукумдарга жана элдерге таратуу үчүн, анда түбөлүк Жакшы Кабар бар эле”. Ал катуу үн менен мындай деди: “Кудайдан корккула жана Аны даңктагыла, анткени Анын сотунун убагы келди; Асманды жана жерди, деңизди жана булактарды Жаратканга табынгыла” (Аян. 14:6,7). УК 323.1

Бул эскертүүнүн маанилүүлүгү, анын периштелер аркылуу айтылгандыгында. Асман жарчысынын тазалыгынан даңктуулугунан жана күчүнөн, Кудайдын Даанышмандыгын, бул кабардын аткаруусу бо-юнча, жана аны коштогон күч жана даңктын иши менен, жогору жана бийик кылып көргөзүү керек эле. Периштенин “Асмандын ортосунда” учуп бара жаткандыгы, анын эскертүүчү “бийик добушу”, бардыгына кайрылган “жерде жашоочуларга, жана ар урууларга жана тукумдарга, жана тилдерге жана элдерге”ушул нерселердин бардыгы, күн сайын, жана батыраак, ушул кабарды таратуу жөнүндө билдирет. УК 323.2

Кабардын өзү, өз жарыгын, бул кыймыл качан баштала турган болсо, ошол мезгилге төгөт. Ал “Түбөлүктүү Жакшы Кабардын”, бөлүгү бoлyп саналат, жана сот күнүнүн башталгандыгын билдирет. Куткарылуу жөнүндөгү кабар бардык кылымдарда насаатталып келген, бирок, бул кабар Жакшы Кабардын, акыркы күндөрдө айтыла турган бөлүгү бoлyп эсептелет, анткени ошондо гана сот башталат. Пайгамбарлыктарда, сот күнүнүн алдында бoлyп өткөн окуялар жөнүндө айтылган. Бул окуялар Даниил пайгамбардын Китебине таандык. Бирок, Даниил пайгамбарга акыркы мезгилдерге тиешелүү болгон пайгамбарлыктарды, “акыркы мезгилдерге чейин” катып, же жаап коюу буйрулган. Бул пайгамбарлыктардын аткарылышына негизделген сот жөнүндөгү кабар, бул мезгил келмейинче, жарыялана албайт. Бирок пайгамбар айткандай, акыркы күндөрдө “көп деген эл окушат дагы, андан акыл табышат” (Дан. 12:4). УК 323.3

Элчи Павел, Машаяктын келишин анын күндөрүндө күтүүнүн зарылдыгы жок экендигин, Жыйынга эскерткен. “Анткени адегенде ишенимден чегинмейинче - дейт ал, - жана күнөөнүн адамы көрүнмөйүнчө, ал күн келбейт” (2 Фес. 2:3). Биз, ишенимден улуу Кудайдан баш тартуулар болмоюнча, жана “күнөөнүн адамы” көп убакыт башкарганча, биздин Куткаруучунун Келишин күтө албайбыз. “Күнөөнүн адамы”, ал ошондой эле “мыйзамсыздыктын сыры”, өлүмдүн уулу”, жана “мыйзамсыз”, деп аталат, - бул пайгамбарлыктын айтуусу боюнча, бул дүйнөнү 1260 жыл башкара турган папалык кыймыл, бoлyп эсептелет. Бул мезгил 1798-жылы аяктаган. Машаяктын Келиши ал мезгилге чейин болушу мүмкүн эмес болуучу. Павелдин эскертүүсү, 1798-жылга чейинки христиандардын бардыгына айтылган. Ушул мезгилден баштап гана, Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү насааттар айтыла баштамак. УК 324.1

Ушул сыяктуу кабарды, андан мурдагы кылымдардагы адамдар угушкан эмес. Павел дагы, биз көрүп турган сыяктуу, бул жөнүндө насаат айткан жок; ал өзүнүн бир туугандарынын көңүлүн, Машаяк Келе турган алыcкы болочокко бурат. Ал жөнүндө реформаторлор дагы үгүт таратышкан эмес. Мартин Лютер дагы 300 жылдан мурун сот мезгили келбейт, деп айтып кеткен. Бирок, 1798-жылдан кийин, Даниил пайгамбардын Китебиндеги мөөр ачылды, билим көбөйдү, жана көпчүлүк адамдар, сот Күнүнүн жакын калгандыгы жөнүндөгү кабарды, салтанаттуу түрдө жарыялай башташкан. ХѴІ-кылымдагы Ре-формация сыяктуу, адвентистердин кыймылы, бир эле мезгилде ар бир мамлекеттерде пайда боло башташкан. Европада да, Америкада да, ишенимдеги жана сыйынуудагы адамдар, пайгамбарлыктарды изилдегенге шыктанышып, Ыйык Жазу-уларды изилдешкен, жана дүйнөнүн акыры жакындап келе жаткандыгы жөнүндөгү кабардын далилдерин табышкан. Ар бир өлкөдө, ынтааланып изилденген адамдардын топтору, Машаяктын Келишинин жакындагандыгы, анык экендигин, билип алышты. УК 324.2

Миллер, сот күнүнүн жакындаганын билдирген пайгамбарлыкты талкуулагандан, үч жыл убакыт өткөндөн кийин, 1821-жылы Машаяктын Келиши жөнүндөгү кабарды “бүткүл дүйнөлүк миссионер” Иосиф Вольф жарыялай баштаган. Вольф Германияда еврейлердин үйбүлөсүндө төрөлгөн. Анын атасы раввин (еврейлердин дин башчысы) болгон. Ал бала күнүндө эле христиандардын дининин тууралыгын билген. Ал өзү көп нерселерди билүүгө аракетчил болгондуктан, өз атасынын үйүндө өтүп жаткан талкуулоолорго, абдан дитин буруучу, ал жерге күн сайын, терең ишенген иудейлер чогулушуп, өз элинин үмүтү, кайгылары, Машаяктын даңк менен Келиши, жана Израил элин кайрадан тургуза тургандыгы жөнүндө, кеп кылышчу. Бир жолу Назареттик Ыйса жөнүндө угуп, бала ал жөнүндө сурай баштады. “Бул абдан акылдуу еврей болгон, - деп жооп беришти ага, - бирок Ал, Өзүн Машаякмын деп жарыялаган, ошондуктан иудейлердин трибуналы, Аны өлүмгө кыйган”. “Эмне себептен, -деп суроосун улантты бала, - Иерусалим талкаланды, ал эми биз кулдуктабыз?” “Тилекке каршы, - деп жооп берди атасы, - биз көп деген пайгамбарларды өлтүргөнбүз”. Вольф мындай деп оюн айтат, “балким Ыйса дагы чын эле пайгамбар болгондур, жана иудейлер Анын айыбы болбосо дагы, өлтүрүп салган чыгар” 300. Бул oй аны ушунчалык чырмап алгандыктан, бардык тыюу салууларга карабастан, ал христиандардын ибадатканаларынын оозуна барып, көп убакыттарга чейин, насааттарды угуучу. УК 324.3

Ал бир жолу, сегиз жаш курагында, өзүнүн карып калган христиан коңшусуна барып, Машаяк келгенде, Израилди кандай жыргалчылык күтүп тургандыгын айтып мактанат, жана абышка жай баракат ага мындай деп айтты: “Кымбаттуу балам, мен сага чыныгы Машаяк Ким экендигин айтып берем: Бул, сенин бабаларың, байыркы пайгамбарларды өлтүргөн сыяктуу, керип өлтүрүшкөн Назареттик Ыйса. Үйүңө барып, Исаия пайгамбардын Китебинин 53-бапын окуп кор, ошондо Ыйса Кудай тандаган Машаяк экендигин көрөсуң” 301. Ал үйүнө келип айтылган бапты окуйт, жана айтылган пайгамбарлык Ыйса Машаяктын жашоосунда аткарылгандыгын көрүп, абдан таң калат. А балким чынында эле анын коңшусунун айткандары туура чыгаар? Бала, бул пайгамбарлыкты түшүндүрүп берүү үчүн атасына кайрылат, бирок атасы каардуу yнчукпай коёт жана ошондон кийин, ал бул туурасында атасынан сураганга эч качан батынган эмес. Бирок бул нерселер, анын христиандарды дагы толугураак билүүсунө түрткү берди. УК 325.1

Баланын ата - энелери, ал умтулган чындыкты андан жашыруyнy каалашкан, бирок качан ал 11 жашка толгондо, өз атасынын үйүн таштап кетти, жана өзүнө дин же кесип тандаш үчүн, дүйнөнү көздөй сапар тартат. Бир канча мезгилдер ал, туугандарыныкында жашап турат, бирок көп убакыт өтпөстөн аны ал жактан, дин сатар деп кууп чыгышкан. Жана баш калка же акча жок калгандыктан, ал башка жерде, өз өмүр жолун куруу үчүн бел байлайт. Бир жерден экинчи жерге кыдырып, ал окуп билим алууну каалаган, жана еврейлердин сабактарын окутуу менен жанын сактап турду. Католик үйрөтүүчүсүнүн таасири аркасында, ал католиктердин ишенимин кабыл алат, жана өз элинин арасында миссионер болууну каалаган. Ушул максат менен, бир канча жылдардан кийин ал, римдеги католиктердин миссионердик колледжине тапшырган. Бирок көп убакыт өтпөстөн, анын көз карандысыз oй-жүгүртүүлөрү жана бетке айткандыгы, ага адаштыруучу деген, айыптоо, алып келет. Ал ачык эле, динчилдердин көп нерселерди талап кылгандыгын айтып, жана реформа керектигин талап кылган. Башталышында ал, папанын жактоочуларынын өзгөчө cыйына татыктуу болгон, бирок аягында аны римден кууп чыгарып салышкан. Чиркөөнүн күнү-түнү көз салуусунда болгондуктан, ал бир жерден экинчи жерге барып турган. Жана аны акыры тарбияланууга мүмкүн эмес дешип, эркин аракеттенүүсүнө мүмкүнчүлүк беришет. Ошондон кийин ал, Англияга барып, ал жерде протестанттардын ишенимин кабыл алат, жана англиялык жыйындын мүчөсү бoлyп катталат. Эки жыл окугандан кийин, 1821-жылы ал өзүнүн миссионердик кызматын баштаган. УК 325.2

Машаяктын Биринчи Келишиндеги “ооруну жана кыйынчылыкты баштан өткөргөн Эр Адам” жөнүндөгү, улуу чындыкты кабыл алгандан кийин, Вольф пайгамбарлык Анын атак-даңк менен Экинчи жолу Келе тургандыгын, көргөн. Жана өз элине Назареттик Ыйса, убадаланган Машаяк экендигин айтты. Жана Ал Биринчи жолу азап тартып кыйналуу үчүн, адамдардын күнөөсү үчүн арналган Курмандык катары Келсе, Экинчи жолу Падыша жана Куткарып Алуучу катары Келери жөнүндө, аларды окутуп жүрдү. УК 326.1

“Колун жана Бутун кагып салган Назареттик Ыйса - чыныгы Машаяк, - деди ал; Аны көзү сыяктуу союуу үчүн жетелеп барышкан; ооруну жана кайгыны башынан өткөргөн Адам; Иуданын үстүнөн бийлик белгиси, жана анын чекесинен мыйзам чыгаруу даражасы кеткенден кийин, Ал биринчи жолу Келди; Бирок Ал, жогорку Периштенин сурнай тартканында, Асмандагы булутгардын үстүндө, Экинчи жолу Келет302, жана Елеон тоосунун үстүнө турат, жана Адамга башкарууга берилген жана ал жоготуп алган бийлик (1 Муса 1:26; 3:17), Ыйсага тапшырып берилет. Ал бардык жер үстүнө Падыша болот. Кыйноолор жана көз жаштар тыйылат, жана бардык жерде, даңктоо жана ыраазычылык ырлары, жаңырып турат... Качан Ыйса, Өз Атасынын даңкында, ыйык периштелердин коштоосу менен Келгенде... Ыйсада өлгөндөр алды менен тирилет (1 Фес. 4:16; 1 Кор. 15:52). Биз ишенгендер, биринчи тирилүү дегенибиз ушул. Ошондо жан жаныбарлардын арасында өзгөрүлүү болот (Ис. 11:69)., жана алар Ыйсага баш ийип турушат (Забур 8). Бардыгында тынчтык орнотулат” 303. Жана Теңир жер үстүн кайрадан карап жана минтип айтат: “Мына, эң эле жакшы!” 304. УК 326.2

Тенирдин Келээри жакын экендигине Вольф ишенген; анын, акыркы күн туурасындагы пайгамбарлык мезгилдерди талкуулаганы, Миллер көргөзгөн мезгилден бир аз айырмаланып турган. “Ал күн жана ал саат жөнүндө эч ким билбейт”, деген Ыйык Жазуунун Сөздөрүн көргөзгөндөргө, Вольф мындай деп жооп берет: “Эмне биздин Теңир, саат жана күн эч качан билинбейт деди беле? Жок дегенде, анын Келишинин жакындаганын билүү үчүн, жай мезгилинин жакындаганын билүү үчүн анжыр дарагынын жалбырыктары бүчүр байлаган сыяктуу, белгилер берген жокпу? (Мф. 24:32). Биз ушул бойдон эле түшүнбөcтүктө жүрө беришибиз керекпи, биз Даниилдин Китебин окуп эле коюп эмес, бирок аны түшүнүүбүздү, Ал Өзү үйрөткөн жокпу? Ошол Даниилдин Китебинде, бул сөздөр акыркы мезгилдерге чейин жабылып турат делген, (б.а. пайгамбарлардын мезгилинде), дагы “көпчүлүгү окушуп (еврейче айтылышы: “мезгил жөнүндө oй жүгүртүшүп жана байкашып”), жана билип алуулар көбөйөт” (Дан. 12:4). Биздин Теңир, бизге “ал күндү жана саатты эч ким билбейт”, деп айтты, бирок, бул мезгилдин жакындаганын билбейсиңер, деген эмес. Тескерисинче, мезгилдердин белгилеринен, бизге көп нерселер, маалим боло тургандыгын айтат, анткени бир кезде Нух пайгамбар кеме куруп даярданган сыяктуу, биздин дагы Анын Келишине даярдануубуз зарыл” 305. УК 326.3

Ыйык жазууну бурмалагандар жана жалпы кабыл алган талкуулар жөнүндө Вольф мындай деген: “Христиандардын көпчүлүк жыйындары, Ыйык Жазууларды туура түшүнүүдөн баш тартышкан, жана буддистердин жөнун жок системасына кайрылышты, адамдардын келечктеги бактысы, адамдардын тоскоолсуздуктан аба менен аралашып кетишинде, дегенге ким ишене алат, жана бул христиандар мындай деп ойлонушат, “иудей” деген жазуу болсо, анда алар “бутпарас”, деп окушу керек, “Иерусалим” дегенди “жыйын”, деп түшүнүшөт; “жер” дегенди, - “асман” деп; “Теңирдин Келишин”, “миссионердик коомдун жандануусу”, ал эми “Кудай Үйүн турган тоого чыгуу” дегенди, “методистерди чоң сонун жыйыны”деп талкуулашат” 306. УК 327.1

24 жыл убакыттын аралыгында, 1821-жылдан 1845-жылга чейин, Вольф Африкада, Египет жана Абиссинияда, Азияда, Палестинада, Сирия, Персия, Бухарада жана Индияда бoлдy. Ал Кошмо Штаттарда болгон, жана келе жатып ыйык Елена аралында насаат айткан. Ал НьюЙоркко 1837-жылы август айында келди, жана бул шаарда насаат айтты, жана андан өтүп Филадельфияга, Балтиморго, акыры Вашингтонго барып насаат айткан. Жана ал кийин минтип жазат: “Вице-президент Джон Куинси Адамстын сунушу боюнча, мага Парламеттик палатада сөз сүйлөөгө мүмкүнчүлүк беришти, жана мен бул Парламеттин залында, ишемби күнү сөз айттым. Менин бул айткан лекциямды, Парламенттин мүчөлөрү, Виргиниянын епископу, жана Вашингтондун башка диний адамдары жана тургундары кадырлашты. Ушул сыяктуу эле мүмкүнчүлүк менде, Нью-Джерси жана Пенсильвания штаттарында дагы болгон, ал жерде мен, өзүмдүн Азиядагы байкоо жүргүзүүлөрүмдү, андан тышкаары, Ыйса Машаяктын башкаруучулугу жөнүндөгү, лекцияларымды окугам” 307. УК 327.2

Доктор Вольф, кандайдыр бир европалык мамлекеттердин колдоосусуз эле, алыскы аймактарга барып насаат айткан, жана көп деген кыйынчылыктарды башынан өткөргөн, коркунучтарга кириптер бoлyп тyрган. Аны таяк менен сабашкан, ачка камап салышкан, бир жолу аны кул катары кулдукка сатып жиберишкен, жана үч жолу өлүм жазасына өкүм чыгарышкан. Бир нече жолу каракчылардын колуна түшкөн, жана бир жолу ал суусагандыктан өлүм алдында калган. Бир жолу болсо анын бардык буюмдарын тартып алышып, ал жүздөгөн миль аралыкты тоо аркылуу басууга туура келген; анын жүзүн бурганактаган кар ургулап турду, анын жылаң аяк буту, тоңуп калган жерлер менен басып баргандыктан, селейип катып калган. УК 328.1

Качан ага, каардуу урууларга мылтык албастан барбай эле койбойсуңбу, деп сунуш кылышканда, ал ар-дайым, мен “сыйынуу жана Машаякка кызмат кылуу каалоом менен куралдангам, деген. Жана Ал мени сактайт, мен андан тышкаары сүйүү менен куралдандым жана менин колумда Мукаддас, деп айткан” 308. Ал ар-дайым өзү менен кошуп, англис жана еврей тилдеринде Мукаддас алып жүргөн. Өзүнүн акыркы саякатында, ал буларды эске салат: “Мен... ар качан колума Мукаддасты ачып алып жүрчүмүн. Менин күчүм ушул Китепте экендигин - сезип тургам, анын күчү мени колдоп туруучу” 309. УК 328.2

Сот күнүнүн жакындап калгандыгы жөнүндөгү кабар, жер шаарынын көпчүлүк бөлүгүнө таратылганча, ал таалыкпастан эмгектенген. Еврейлердин, түрктөрдүн, перстердин, индустардын жана көп деген башка улуттардын, тилдердин арасында, ал Кудай Сөзүн жана Машаяктын Падышалыгынын жакындап калгандыгын тараткан. УК 328.3

Бухарада саякаттап жүргөн кезинде, Машаяктын Келиши жөнүндөгү кабар, цивилизациядан алыскы өлкөлөрдөгү адамдарга тааныш экендигин, билди. “Йемендеги арабдар, - деп жазат ал, - “Сеера” (Суура) деген китеп колдонушат, анда Машаяктын Экинчи Келиши жана Анын Өз данкында Пады-шалык кыла тургандыгы жазылат; Алар 1840-жылдары боло турган, чоң окуяларды күтүшүүдө...” 310. “Йеменде... мен Рехавтын балдары менен алты күн бoлдyм. Алар шарап ичишпейт, жүзүмдүк өстүрүшпөйт, yрөөн себишпейт чатырларда жашашат жана карып калган боорукер Рехавдын уулу Ионадав жөнүндө эскеришет; алардын арасынан мен Дан уруусунан болгон Израилдин уулдарын таптым, алар дагы Рехавдын уулдары менен бирдикте, Машаяктын жакында Асман астындагы булуттардын үстүндө Келишин күтүшүүдө” 311. УК 328.4

Ушул сыяктуу окутууну, башка бир миссионер Татариядан көргөн. Татарлардын молдосу миссионерден, Ыйса Машаяк Экинчи жолу качан келет, деп сурайт. Миссионерге бул туурасында эч нерсе маалим эмес экендигин билип, Ыйык Жазууну окутам деген адамдын түркөйлүгүнө таң калган. Молдо, Машаяк 1844-жылы Келе тургандыгына бекем ишенимдүү болгон. УК 329.1

Англияда болсо, Ыйсанын Келиши жөнүндөгү кабар, 1826-жылы угула баштаган. Бул жерде, бул кабарды тараткан кыймыл, Америкадагыдай көңүл калууларга деле кабылышкан жок; анын так мөөнөтү жөнүндө деле көп айтылбады, бирок Машаяктын Өз Күчүндө жана Данкында келе тургандыгы кеңири таратылган. Ал кабар бир гана сектанттар жана кетип калгандар үчүн эле айтылган эмес. Англиялык жазуучу Мюран Брок мындай деп айтат, “Падышалыктын Жакшы Кабарын” Англиялык жыйындардын 700 кызматчысы айтып жүрдү. Бирок, Великобританияда, Теңир 1844-жылы Келет, деген кабар таратылган. Бул жерде, адвентистердин Кошмо Штаттардан алып келген, баракчалары таратылган, жана китептер жана журналдар кайрадан басылып чыккан. 1842-жылы улуту боюнча англичан Роберт Уинтер, адвентистердин ишенимин Америкада кабыл алат, жана Машаяктын Келиши жөнүндөгү кабарды таратуу үчүн, өз мекенине кайтып келет. Көпчүлүк адамдар анын ишине кошулушуп, жана сот Күнү жөнүндөгү кабар, көп убакыт өтпөстөн Англиянын ар кайсыл аймактарында таратыла баштады. УК 329.2

Түштүк Америкада болсо, Лакунза жыйындын аралашууларына, түркөйлүккө батууларына нааразы болгон, улуту боюнча испан, Ыйык Жазууга кайрылат, жана Машаяктын Келиши жөнүндөгү кабарды кабыл алды. Бул жөнүндө адамдарга эскергүүнү самап, жана римдиктердин айыптоосунан сак-сактап, ал өз көз караштарын кагазга чыгарма катары жазып, “Равви-бенЭзра”, деген ойлонуп табылган ат менен, иудейлерге кайрылгандай, бастырып чыгарат. Лакунза XVIIIкылымда жашаган, Бирок анын китептери Лондонго 1825-жылы гана барат, жана ал жерде англис тилинде которулган. Бул китеп, Англиядагы Машаяктын Келиши жөнүндөгү суроолорго боло баштаган кызыгууларды, ого бетер терендетти. УК 329.3

Германияда бул кабарды элдерге, лютеран жыйынынын кызматчысы, ХVІІІ-кылымдын көрүнүктүү диний аалымы жана сынчы Бенгель тараткан. Билим алгандан кийин Бенгель өзүн теология (динди изилдөө) изилдөөгө арнаган. Жана анын олуттуу, диний нерселерди түшүнө билген аң-сезими, жаш кезинен эле талыкпай изилденгендиктен, өзүн өзү тарбиялай билген сапаттары, буга шайкеш келип турган. Башка терең oй жүгүрткөн жаш адамдар сыяктуу эле, ал дагы оор күрөшүүлөрдөн жана руханий өмүрүндөгү кыйынчылыктардан, качып кете алган жок. Жана ал терең сезим менен, кийинчирээк “анын жүрөгүн жаралаган, жана анын жаштыгын катуу түйшүкө айландырган жебелер жөнүндө эскерет”. Вюртенбергдеги диний соттун мүчөсү бoлyп шайлангандан кийин, ал диний эркиндикти жактай баштаган. “Жыйындын укугун жана мүмкүнчүлүктөрүн коргоо менен, ал дагы, өз абийиринин айыптагандыгына байланыштуу, анын бир туугандык мүчөсүнөн чыгууну каалагандардын укугун жактаган” 312. Анын жасаган иштеринин жакшы таасири, азыр дагы анын мекенинде сезилип келет. УК 329.4

Бир жолу Бенгель насаат айтууга даярданып жатып, Аян Китебинин 21-баптагы аяттар жөнүндө oй жүгүртүп, андагы камтылган Машаяктын Экинчи Келиши аны таң калтырат. Аян Китебиндеги бул пайгамбарлык, анын алдында ачылып берилди. Бул пайгамбарлыктын көп маанилүү, жана улуулугуна таңданган ал, башка эч нерсе жөнүндө ойлоно алган жок. Кийинки күнү дагы ушул чындык, анын көз алдына өз айкындыгы жана күчү менен, тартылып турду. Ошол күндөн баштап, ал өзүн пайгамбарлыктарды изилдөө үчүн арнаган. Өзгөчө Апокалипсисти (Кыямат Күн) жана булар Машаяктын Келишинин жакындап калгандыгын көргөзөт деген чечимге келет. Бул окуяны билдирген күндү эсептеп чыгууда, кийин Миллер изилдеп чыккан мезгилден бир нече жыл айырмаланып турган. УК 330.1

Бенгельдин жазган чыгармалары, түгөл христиан дүйнөсүнө таратылган. Анын пайгамбарлыктарга болгон көз караштары, Вюртенберг жеринде, жана Германиянын башка дагы аймактарында, бир добуштан кабыл алынган. Бул кыймыл анын өлүмүнөн кийин дагы, өсүүсүн токтоткон жок, жана Экинчи Келүү жөнүндөгү кабарды, башка мамлекеттер сыяктуу эле Германия дагы угуп калды. Кээ бир ишенүүчү адамдар, Россияга дагы келишкен, жана ал жерде колонияларды уюштурушкан, жана азыркы мезгилдерге чейин, бул мамлекеттерде Машаяктын Экинчи Келиши туурасында насааттар айтылып келет. УК 330.2

Жарык Францияда жана Швейцарияда дагы жаркырап жанды. Фарель жана Кальвин Реформация оюн тараткан Женевада, Гауссен Машаяктын Келишин насааттап жүрдү. Гауссен ошол кездерде түгөл Европада ХVІІІ-кылымдын аягында, жана ХІХ-кылымдын башында, өкүм сүргөн рационализм (акылэске таянуучулук) менен күрөшкөн; жана диний даража алган болсо дагы, ал чындык жөнүндө билбегени аз келгенсип, скептикалы көз карашка дагы ээ болгон. Жаш кезинде ал пайгамбарлыктарга абдан кызыккан. Ролландын “Байыркы тарых” деген китебин окуп, ал Даниил пайгамбардын Китебинин 2-баптарына көңүл бурган, жана кол жазмаларда сакталып калган, так аткарылган пайгамбарлыктарга таң калган. Бул, Ыйык Жазуулардын Кудайдан шыктандырылгандыгынын далили эле, кийин ал якорь (кеменин темир илгичи) сыяктанып аны турмуш толкундарында кармап турду. Рационалистик окутуулар анын талаптарын канагаттандыра алган жок; бир гана Мукаддасты изилденуу менен, чоң жарыкка ар-дайым умтулуп, ал бир нече мезгил өткөндөн кийин, чыныгы иш жүзүндө аткарыла турган ишенимге келди. УК 330.3

Пайгамбарлыктар жөнүндө oйжүгүртүүлөрүн улантуу менен, Ма-шаяктын Келиши жакын деген тыянакка келет. Бул улуу чындыктын мааниси чоң экендигине таңданган Гауссен, бул кабарды башкалар менен бөлушүүнү каалады, бирок бул пайгамбарлыкты таңкалтыраарлык белгилери көпчүлүктү кызыктырбагандыктан, аларды түшүндүрүү, ал үчүн чоң тоскоолдуктарды алып келди. Акыры ал Фарельдин ыкмасын колдоно баштады, биринчи балдарын кызыктырып, андан кийин, алардын ата-энелерин алып келүү. УК 331.1

Кийинчирээк, ушул ыкма жөнүндө, ал минтип жазган: “Мен бардыгына түшүнүктүү болуусун кааалайм, эмне себептен мен өз ишимдин башталышында, чоңдорго кайрылбастан, балдарга кайрылдым. Мен муну, мен тараткан чындыктын кабарынын мааниси жоктугунан эмес. Тескерисинче, улуу байлыктарды камтыган чындыкты, эң эле жөнөкөй формада жеткирүүнү каалагам. Мен бул кабардын угулуп калуусун абдан кааладым, эгерде шыр эле чоң адамдарга кайрыла турган болсом, бул кабар кабыл алынбай калат, деп чоочулагам. Ошондуктаң эң эле кичинекейлерге баруудан баштагам. Мен балдарды чогултуп алып, мындай деп oй-жугурттум: эгерде мага келгендердин саны өсүп жаткан болсо, эгерде аларга кызыктуу экендиги көрүнүп турса, алар түшүнүшсө, жана уккандары жөнүндө талкуу жүргүзүшсө, анда мен, экинчи ушул сыяктуу адамдарды топтоого үмүтүм бар, жана чоң адамдар дагы өз кезегинде, ушул сабак жөнүндө угуп жана талкуулого болот, дей алышат. Качан ушундай учур боло турган болсо, анда иш алдыга жылып бара жатат” 313. УК 331.2

Гауссендин күткөн нерселери аткарылды. Кичинекейлерге кайрылуу менен, ал өзүнө чоңдорду дагы тартты. Анын жыйыны кунт коюп уккан адамдарга толду. Алардын арасында көпчүлүк учурларда, көрүнүктүү, окумуштуу адамдар, жат жердик адамдар, Женевага келгендер болгон, жана Экинчи Келүү жөнүндөгү кабар, жана башка аймактарга дагы таралып кетти. УК 331.3

Ийгилигине кубанган Гауссен, өз лекциясын, башка француз тилинде кызмат өткөрүлгөн жыйындарды дагы кызыктырат деген максатта, бастырып чыгарды. “Балдарга насаат берүү үчүн жарлык, - деп жазды Гауссен, - чындыгында мен, бул китептерди барк албаган, жана аны түшүнүүгө болбойт, табышмакту деген, чоңдорго кайрылган. Эгерде аларды балдар түшүнүп турушса, анда алардын эмнеси түшүнүкcүз? Мен өз жыйынымды үшүл пайгамбарлыктар менен тааныштыргым келди. Булар мага азыркы учурда керектүүдөй сезилет. Буларды изилденүү, бизге боло турган сынактарда, туруштук берип турушубузга, сергек болуубузга, Ыйса Машаякты үмүт менен күтүүбүзгө жардам берет”. УК 331.4

Гауссен Женевадагы француз тилинде кызмат өтөгөн, көрүнүктүү насаатчылардын бири болсо дагы, көп убакыт өтпөстөн аны кызматтан бошотуп салышты. Ага карата жүргүзүлгөн айыптоолор төмөнкүлөр болуучу, ал жыйындардын рационалистик көз караштарына каршы, балдарды насааттоодо Мукаддасты колдонуп жатат. Акырында ал, диний мектептеги мугалим бoлyп эмгектенип калды, ал эми жекшемби күндөрү, баштагысындай эле балдарды Мукаддас менен, суроо жана жооп катары түзүлгөн сабактарды берип, окутуп жүрдү. Анын пайгамбарлыктарды изилденүүсү дагы, көп деген кызыгууларды алып келген. Өзүнүн профессордук кафедрасынан, , өз китептеринин барактарынан, өзүнүн мугалимдик ордунан, көп деген жылдар аралыгында, жакшы oй-максаттарды жөнөтүп, алардын көңүлдөрүн, Машаяктын Келишинин жакындыгын билдирген пай-гамбарлыктарга бурган. УК 332.1

Машаяктын Экинчи келиши жөнүндөгү кабар Скандинавияда дагы таратылып, бардык жерде кызыгууларды туудурган. Көпчүлүк адамдар уйкуларынан ойгонушуп, күнөөлөрүн сезишип, Машаяктын Ысымынан кечирим издешкен. Бирок мамлекеттик жыйындардын жетекчилери, бул иштерге каршы чыгышып, жана алардын өтүнүчү боюнча, кээ бир насаатчылар, түрмөлөргө камалды. Көпчүлүк жерлерде, Машаяктын Келишин жарыялаган адамдарды, унчукпаганга мажбурлашты, бирок , бул жөнүндө - кичинекей балдар аркылуу жарыя кылуу, Теңирдин эрки эле. Балдар эрезеге жете элек болгондуктан, мамлекеттин мыйзамдары, аларды мажбурлай алган жок, ошондуктан алар, эч тоскоолсуздуктан чындык жөнүндө кабарлашып жүрдү. УК 332.2

Мындай ыкмада айтылган насааттар, көбүнчө жумушчу жөнөкөй адамдардын ортосунда көбүрөөк таратылды, анткени алардын жупуну турак-жайларында, эскертүүчү кабарды угуу үчүн, көп адамдар чогулушкан. Насаатчы балдар көпчүлүгү, алты жети жаштан ашпаган кедей кембагалдардын үй-бүлөсүнөн болушкан, алардын жашаган жашоолору, алардын Теңирди сүйөөрүн, жана Анын ыйык талаптарынын артынан ээрчигенге даяр экендигин билдирген. Булар жөнөкөй гана балдар болгондуктан, алардын ойлогондору дагы өз жаштарына шайкеш келип тyрган. Бирок алар качан элдин алдына чыгышып, насаат айтышканда, аларды Жогоркунун Күчү колдоп тургандыгы билинген. Жада калса, келе жаткан сот Күнүн кабарлашканда, өз сөздөрүн Ыйык Жазуудагы мындай деген Сөздөр менен коштоп айтышты: “Кудайдан корккула, жана Аны даңктагыла, анткени Анын сотунун сааты келди”. Алар күнөөлөрдү, адеп-ахлакты жана көнүмүш адеттерди гана эмес, бирок бул дүйнөгө болгон байлангандыкты, ишенимден кайткандыкты, дагы айыпташкан. Жана өз угуучуларын, келечектин каарынан кутулуу үчүн, токтолбостон Машаяктын Келишине даяр болууларына чакырышты. УК 332.3

Алардын сөздөрүн укканда адам-дардын үрөйү учту, жана үндөбөстөн угушту. Кудай Рухунун Күчү алардын жүрөгүн черткиледи. Көпчүлүк адамдар жаңы кызыгуулар менен, Ыйык Жазууларга тереңдеп көңүл бура баштады; адеп-ахлагы жок, жана алдамчы адамдар өздөрүнүн жаман адеттерин калтырышып, жашоолорун өзгөртө баштады, жана жакшылыктын жыйынтыгы ушунчалык чоң таасир бергендиктен, мамлекеттик жыйындын кызматкерлери, бул кыймылдан Кудайдын Колун көргөндүгүн, моюндарына алууга аргасыз болушкан. УК 333.1

Скандинавия мамлекетинин адамдары, Куткаруучунун Келиши жөнүндөгү кабарды угуусун Теңир каалаган, качан анын кызматчыларынын үндөрүн басып коюшканда, башталган ишти улантуу үчүн, Ал Өз Рухун жаш балдардын оозуна салды. Качан Ыйса Иерусалимге жакындаганда, адамдар Аны коштошуп, пальма бутактарын алдыларына ташташкан, Аны Дөөттүн уулу, деп салтанат курушкан. Kөpө албаган ичи тар фарисейлер, Ыйсадан шакирттериңди тый дешип талап кылышат, бирок Ыйса бoлyп жаткан нерселердин бардыгы пайгамбарлыктардын аткарылышы, эгерде алар үн катпай турган болсо, таштар добуш чыгарарын айткан. Эл дин кызматчылар менен фарисейлердин коркутууларынан үрөйү учушуп, Иерусалимдеги ибадаткананын алдында турушту. Бирок, балдар ибадаткананын ичине киришип, пальма бутактарын колдоруна кармашып: “Дөөттүн Уулуна Осанна!”деп кыйкырып жатышты (Мф. 21:8-16). Качан абдан ачууланган фарисейлер Ага: “Сен алардын эмне деп айтканын укпай турасыңбы? - дешкенде. Ыйса аларга минтип жооп берген: “Балдардын жана эмчектеги наристелердин оозунан, Сен Өзүңө данктоо тургуздуң, дегенди, силер эч убакта окуган эмес белеңер?” Теңир балдар аркылуу, Машаяктын Биринчи Келишинде аракеттенген сыяктанып, балдарды Экинчи Келүүдөгү кабарга дагы колдонгон. Кудайдын алдын ала айткан, куткаруу жөнүндөгү кабар, бардык элдерге, тилдерге, урууларга таратылсын, деген Сөздөрү атка-рылышы керек. УК 333.2

Уильям Миллерге жана анын жактоочуларына, бул кабарды Америкада айтуу тапшырылды. Бул мамлекет, улуу адвентистердин кыймылынын борбору бoлyп калды. Бул жерде, биринчи периштенин кабары, башкаларга салыштырмалуу толугураак аткарылган. Ушул жерден Миллердин жана анын жактоочуларынын чыгармалары, башка мамлекеттерге таратылган. Миссионерлер кайсыл гана жерге барышпасын, алар өздөрү менен кошуп, Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү кубанычтуу кабарды алып жүрүшкөн. Жердин бардык жактарында, Жакшы Кабардын чындыктары таратылып жат-ты: “Кудайдан корккула, жана Аны даңктагыла, анткени Анын сотунун убагы келди”. УК 334.1

Машаяктын Келиши 1844-жылдын жазында болот деген кабар, адамдардын акылына ушунчалык тамырланып калган. Бул кабарды насаатчылар, бардык жерде кызыктыруу жандандырып, бир штаттан экинчи штатка таратышып жүрүштү. Көпчүлүк адамдар бул пайгамбарлыктардын туура айтылгандыгын билишип, өздөрүнүн текебер көз караштарын калтырышып, кубануу менен бул кабарды кабыл алып жатышты. Кээ бир диний кызматкерлер, баштагы каршылыктарын калтырышып, даттануудан баш тартышты, жана өз чиркөөлөрүн калтырышты жана Машаяктын Келишин жарыялоо үчүн сапарга чыгышкан. Бирок мында адамдар көп эмес болуучу; бул кабар көбүнчө жөнөкөй мээнеткеч адамдардын арасында таратылды. Фермерлер өз талааларын калтырышты; зергерлер - өз курал жарактарын; соодагерлер - өз соодаларын; кызматкерлер - өз конторлорун калтырышты, бирок ушундай болсо дагы, ушунчалык чоң ишти аткаруу үчүн насаат айткандардын саны баары бир аз болуучу. Ишеними аз жыйындын аянычтуу абалы, адилетсиздикке батып кеткен дүйнө - чыныгы сакчылардын жан дүйнөсүн кыйнаган, жана алар өз ыктыярлары менен кыйынчылыктарды, жоготууларды, кайгыларды, адамдарды чакыруу үчүн гана, баштарынан өткөрүшкөн. Шайтандын каршылыкгарына карабастан, чын-дыктын иши, кыйшаюсуз алдыга жыла берди, жана адвентистердин кабарын көп миңдеген адамдар кабыл алышкан. УК 334.2

Бардык жерлерде, күнөөкөрлөрдү Келе турган каардан сактандырган кабар жарыяланды. Ыйсанын алдында келген Иоанн сууга чөмүлдүрүүчү сыяктуу, чындыктын жарчылары балталарын дарактардын түбүнө коюшуп, жана бардыгына тoбo кылуунун татыктуу жемиштерин көргөзгүлө, дешип жалынышкан. Алардын толгонуу менен, бул дүйнөгө айткан кабарлары, жыйындардагы сооротуу менен алдейлеген насааттарындай эмес эле. Ыйык Жазуунун жөнөкөй жана белгиленген күбөлөндүрүүлөрү, Ыйык Рухтун таасири менен, адамдардын жүрөктөрүн бийлеп алгандыктан, анча-мынча адамдар гана бул кабарга каршы турушкан. Диний окутуучулар өздөрүнүн менменсинүүлөрүнөн жана камырабастыктарынан ойгонушту. Алар өз адашууларын, бул дүйнөнү сүйгөндүктөрүн, ишенбестиктерин, текебердиктерин жана өзүмчүлдүктөрүн көрүшкөн. Көпчүлүгү тoбo келтиришип, момундукта Кудайды издешкен. Эми алардын, көп мезгилдерден бери жердик нерселерге караган сезимдери, Асманды көздөй умтулду. Кудай Руху алардын үстүнө түшүп, жана ырайымдуу жүрөктөрү менен, алар “Кудайдан корккула жана Аны даңктагыла, анткени Анын сотунун убагы келди”деген сөздөрдү, кубануу менен кабыл алып жатышты. УК 334.3

Күнөөкөрлөр көз жаштарын көлдөтүп минтип сурашкан: “Куткарылуубуз үчүн биздин эмне кылышыбыз керек?” Алдамчы адамдар, өздөрү алдап кеткен адамдардын чыгымдарын толуктоого аракет кылышкан. Машаякта тынчтык тапкан адамдардын бардыгы, бул алкоолорду башкалар менен бөлүшүүнү каалашкан. Ата-энелердин жүрөктөрү балдарына, балдарынын жүрөктөрү ата-энелерине бурулду. Мамилелештикте текебердик жана кытмырлык тоскоолдук болгон жок. Бардык жерде кичи пейилдик көрүнүп, адамдар өз жакындарын куткарууда, чыныгы камкордук көргөзүштү, жакындары жана коңшулары куткарылып калуусу үчүн, бири-бирине болгон сыйынуулар угулуп турду. УК 335.1

Бардык даражадагы адамдар, ад-вентистердин чогулуштарына агылып келип жатышты. Байлар жана кедейлер, бийлик башындагылар жана жөнөкөй адамдар бир гана ниетте болушту - Машаяктын Экинчи Келиши жөнүндөгү кабарды угуу. Өз кызматчылары, өз ишенимдеринин негизин орноткончо, Теңир каршылыктын рухун өчүрдү. Кээ-де Теңир, Өз чындыгын жарыялоо үчүн, алсыз куралдарды колдонгон. Мындай чогулуштарда, ар-дайым периштелердин колдоп тургандыгы сезилип турган, жана күн сайын көп сандаган адамдар, ишенүүчүлөрдүн катарына кошулуп турду. Абдан көп адамдар, өз демдерин ичине катышып, Машаяктын Келиши жөнүндөгү кабарды, берилип угуп жатышты. Асман жерге жакындап калгандай сезилип турду. Кудайдын Кубаты карылардын дагы, жаштардын дагы, балдардын дагы жүзүнөн көрүнүп турган. Адамдар чогулуштардан, кечкисин Кудайды даңктаган ырлар менен кайтып, жана алардын кубанычтуу үндөрү, түндүн жымжырттыгын бузуп тyрду. Ошол кездеги адамдардын ортосунда бийлик жүргүзгөн, руханий абалды, бул чогулуштун катышуучулары, эч качан унутушкан эмес. УК 335.2

Машаяктын Келишинин так мөөнөтү, диний кызматкерлерден тартып, тамырланып калган күнөөкөргө чейин, өтө чоң келишпестиктерди туудурган. Бул пайгамбарлык сөздөрдүн аткарылышы болуучу: “Баарынан мурун билгиле, акыркы күндө адепсиз тилдөөчүлөр чыгат, алар өз кумарлары боюнча иш кылышат. Жана мындай деп айтышат: Анын Келем деген убадасы кана? Себеби аталар өлгөндөн бери, дүйнө жаралгандан бери, бардыгы өз ордунда эле калып жатпайбы?” (2 Петр. 3:3,4). Теңирди cүйөбүз, деген адамдардын көпчүлүгү мындай дешип сөздөрүн бекемдешти: Биз, Экинчи Келүү жөнүндөгү окутууну кабыл алабыз, бирок эмнеге анын так күнүн көргөзүү керек? Бирок алар, дүйнөнү Өз чындыгы менен Соттоочу Машаяктын Келиши жөнүндө, уккулары келген эмес. Алар ишенимсиз кулдар болушкан; алардын жүрөктөрү Теңир менен жоолугушуудан коркуп тyрган, анткени чыныгы текшеруугө алар туруштук бере алышмак эмес. Алар Муккаддастын так айтылган далилдерин гана укпай койбостон, бирок, коркуу менен Теңирдин Келишин күтүп жаткандарга дагы күлүшкөн. Кудайдын эли, Аны аз гана сүйгөндүктөн, Анын Келишин күтүшпөй жаткандыгын, шайтан өз периштелери менен шаттанып, Ма-шаякка жана ыйык Периштелерге көргөздү. УК 335.3

“Бир дагы адам, убакыт саатын билбейт”ушул сөздөр, адвентистердин каршылаштарынын бирден-бир далили бoлyп эсептелген. Ыйык Жазууда мындай деп айтылат: “Ал күндү жана ал саатты, Асмандагы периштелер да, башка эч ким билбейт, бир гана Менин Атам билет” (Мф. 24:36). Машаяктын Ке-лишин күткөн адамдар, бул аятка ачык Ыйык Жазуу менен келишкен далилдерди айтышса дагы, алардын каршылаштары аларды башкача талкуулашкан. Бул сөздөр Машаяк аркылуу, Елион тоосунда, Өз шакирттери менен баарлашып жаткан да айтылган, жана ошол мезгилде Машаяк акыркы жолу Ибадатканада болгон эле. Ошондо шакирттери мындай деп сурайт: “Акыр замандын жана Сенин Келишиңдин белгилери кандай?” Ыйса аларга жышаандарды көргөзүп минтип айткан: “Качан силер ушулардын баарын көргөнүңөрдө, анын эшик алдында экендигин билгиле” (Мф. 24:3,33). Машаяктын бир айткан Сөздөрү, экинчисин жокко чыгарбайт. Бир дагы адам, Анын Келишинин күнүн жана саатын билбесе дагы, биз Анын Келишиндеги белгилер аркылуу, эскертүү алып турушубуз керек. Анын эскертүүлөрүнө маани бербестигибиз, бизди дагы, Нух пайгамбар топон суу болот, деп айткан эскертүүлөргө маани бербестен, адамдардын кетирген каталарын кетирүүбүзгө, өбөлгө түзөт. Ошол эле бапта жазылган, ишенимдүү жана ишенимсиз кызматчы жөнүндөгү үлгүлүү ангемеде, бири-бирине болгон карама каршылыктар көргөзүлгөн; өз жүрөгүндө : “Менин кожоюнум жакында келбейт” - деген кулдун, келечеги аянычтуу боло тургандыгы айтылат. Бул аңгеме, Анын Келишин күтүп сергек болгондорго, жана Анын Келишин четке каккандарга, Ма-шаяктын бере турган энчисин, ачып турат. “Сергек болгула, - дейт Ал, - мырзасы келип, анын ушундай иш жасап жатканын тапса, ал кул бактылуу” (Мф. 24:42,46). “Эгерде сен сергек болбосоң, Мен сага ууру сы-яктуу келем, жана Менин сага кайсыл саатта келе турганымды билбей каласың” (Аян. 3:3). УК 336.1

Элчи Павел дагы, Машаяктын Келиши кимдер үчүн капысынан боло тургандыгын айтат: “Анткени Теңирдин Күнү, түнкү ууру өндөнүп келерин силер шексиз билесиңер. Анткени качан: “тынчтык жана коопсуздук”дешкенде, ошондо капысынан кырсыкка кабылышат, жана андан кутула алышпайт...” Жана ал, ким сергек бoлyп кунт коюшкандарга дагы, мындай дейт: “Бирок силер боордошторум, караңгыда эмессиңер, ошондуктан ал күн, силердин үстүңөрдөн уурудай бoлyп чыкпайт. Анткени силердин бардыгыңар - жарыктын жана күндүздүн уулдарысыңар: биз - түндүн жана караңгынын дагы, уулдары эмеспиз” (1 Фес. 5:2-5). УК 337.1

Ошондуктан, Ыйык Жазууда, Машаяктын Келиши жөнүндө билбей турган эч нерсе калган эмес. Өздөрүнүн чындыктан баш тарткандыгын, бир нерсенин шылтоосу менен жаап-жашыргысы келген адамдар гана, бул туюндурууларды уккулары келген эмес. Ачык шылдыңдаган адамдар жана Машаяктын кызматына колун коюшуп сыйынган насаатчылар дагы, мындай деп кайталашкандарын токтотушкан жок: “Ал күндү жана ал саатты эч ким билбейт”. Жалпы адамдар ойгонушуп, куткарылууга алып бара турган жолду издене башташканда, алардын ортосуна, Ыйык Жазууларды өз жалган талкуулоолору менен түшүндүрүшкөн, дин кызматчылар жолтоо бoлyп турушту. Ишенимсиз сакчылар, улуу адаштыруучу менен бирге, Кудай коопсуз дебесе дагы, “тынчтык, тынчтык”деп кыйкырышкан. Фарисейлер Машаяктын учурунда, Асман Падышалыгынан өздөрү дагы баш тартышып, каалоочуларга дагы, жол беришпей тоскоолдук болушкан. Жана ошол адамдардын канына, алар жооптуу. УК 337.2

Бул эскертүүчү кабарды, биринчилерден бoлyшyп, Кудайга ишенимдүү момун Жыйындын мүчөлөрү кабыл алышкан. Мукаддасты өз алдынча изилденип жатышкан адамдар, коомчулуктун пайгамбарлыктарга түшүнбөстүк менен карап жаткандыгын, көрбөй коюшкан жок. Диний адамдардын таасири алдында болбогон, өзүнчө изилденишкен жерлерде, адвенти-стердин окутуулары жакшы кабыл алынды, анткени бул окутуулар Мукаддастын авторитети менен бекемделген. УК 337.3

Көпчүлүк адамдар, Машаяктын Келишин каалабаган, өздөрүнүн эле бир туугандары аркылуу куугунтукталышты. Кээ бирлери, өздөрүнүн жыйынында ээлеген орундарын сактап калуу максатында, ойгонуп келе жаткан үмүт жөнүндө айтууну токтотушкан, ал эми башкалары болсо, Теңирге болгон ишенимдүүлүк, Ал ишенип тапшырган чындыкты жашыруудан жогору экендигин билишти. Адамдардын көпчүлүгүн, Машаяктын Келишине ишеним көргөзгөндүгү үчүн эле, мамлекеттик жыйындардан чыгарып салышкан. Ал эми чындык үчүн азап тарткандар, пайгамбардын төмөндөгү сөздөрү менен сооронушкан: “Менин Ысымым үчүн силерди жек көргөн, жана силерди куугунтукка алган силердин боордошторуңар: “Теңир Өз даңкында Өзүн көрсөтсүн, биз силердин шаттанганныңарды көрөлү”, деп жатышат. Бирок алар өздөрү уят болушат” (Ис. 66:5). УК 337.4

Бул иштин аягы эмне болоор болду экен деп, Кудайдын периштелери кызыгуу менен карап турушту. Качан жыйындар, куткаруу үчүн керктүү болгон эскертүүлөрдөн баш тартышканда, алар кейиштүүлүк менен өз жүздөрүн жабышты. Бирок көп адамдар али адвентистик сынактарды али баштарынан өткөрө элек болуучу. Көпчүлүк адамдар өз күйөөлөрү, аялдары, балдары аркылуу, адвентистердин жалган окутууларын угуунун өзү күнөө болот, деген адашууларга киришкен. Периштелерге ар бир адамдарга жакшылап көңүл буруу буйрулду, анткени Кудайдын такгысынан чыккан башка жарык, алардын жүрөктөрүн кубанычка салмак. УК 338.1

Ал эми, эскертүү кабарын кабыл алып, Куткаруучунун Келишин чыдамсыздыктан күткөн адамдар үчүн, белгиленген саат жакындап келе жатты, жана алар буга салтанаттуу түрдө даярданышкан. Алар келе турган Жарык дүйнөдө, кандай тынчтыкка ээ боло тургандыгын сезишип, Кудай менен баарлашуудан ырахат алышкан. Бул үмүттү сезгендердин бири дагы, бул кымбат саат жөнүндө эч качан унутушкан жок. Качан белгиленген саатка бир нече гана апта калганда, көпчүлүк адамдар өз жердеги иштерин токтотушкан. Бизди Кудайдан бир нече гана сааттык өмүрүбүздөгү азгырыктар ажыратып койбосун, деген кыязда, бардык чын ыкыласынан ишенгендер, өз жүрөктөрүн кылдаттык менен изилдешип жатышты. Ар бири өз жанын, Куткаруучу менен жолугушууга даярдашып, эч ким көтөрүлүп кетүү үчүн, өздөрүнө атайын кийим тигишпеди. Алардын ак кийими, күнөөдөн Ыйсанын Куткарып алуучу Каны менен бошоткон, жан дүйнөлөрүнүн тазалыктары эле. Ооба, эгерде Кудай уулдары, биздин мезгилде дагы, ошол кездегидей эле, өз жүрөктөрүн изилдөө менен, чыныгы ишенимге ээ болушса кана! Эгерде Кудай алдында, ошолордой бoлyп өздөрүн жоошутушуп, өз зарлоолорун Ырайымдын Тактысына узатышса, алардын жан дүйнөсү, Рухка бай болмок. Бирок, биздин күндөрдө адамдар канчалыктуу аз сыйынышып, өз күнөөлөрү үчүн канчалыктуу аз кейишет! Адамдарда тирүү ишеним жок боло турган болсо, биздин Куткаруучубуз аркылуу аябастан төгүлүп турган ырайым дагы жок болот. УК 338.2

Кудай Өз элин сынагысы келди. Пайгамбарлык мезгилдерди эсептегендеги каталарды, Анын Колу жашырып турду. Бул катаны, адвентистер дагы, алардын каршылаштарындагы эң эле көрүнүктүү окумуштуулар дагы, табыша алышкан жок. Акыркылары мындай дешти: «Си-лердин пайгамбарлык мезгилдерди санаганыңар туура. Кандайдыр бир улуу окуя болушу керек, бирок бул Миллер айткан нерсе эмес; бул Машаяктын Келиши эмес, бардык адамдардын Кудайга кайрылуусу». УК 339.1

Белгиленген мезгил өтүп кетти, ал эми Машаяк, Өз элин Куткарып алуу үчүн Келген жок. Өз Куткаруучусун чыныгы ишеним жана сүйүү менен күткөн адамдар, улуу көңүл калууларды баштарынан өткөрүшкөн. Бирок Кудай Өз максатын ишке ашырды: Анын Келишин күтүп жатабыз деген адамдардын жүрөктөрүн, Ал текшергиси келген. Күткөндөрдүн арасында, чын ыкластан эмес, корккондон гана Кудайга кайрылышкан адамдар дагы бар болуучу. Алардын сыртынан гана болгон кайрылуулары, , алардын жүрөктөрүндө жана жашоолорунда эч кандай өзгөрүү алып келген жок. Алар күтүшкөн окуя болбой калды, жана бул адамдар эч кандай көңүл калууларга кабылышпагандыгын айтышты, анткени, алар бул күндүн боло тyргандыгына ишенишкен эмес. Чыныгы Кудайдын уулдарын, алар биринчилерден бoлyп табалашты. УК 339.2

Кудай уулдары көңүл калууларды баштарынан өткөрүшсө дагы, Машаяк жана бардык Асман Жааматы, сынактарды баштарынан өткөргөндөргө, сүйүү жана боорукердик менен карашкан. Эгерде, көрүнгөн менен көрүнбөгөн дүйнөнүн ортосундагы көшөгө алына турган болсо, анда, Асмандагы периштелер ишенимдүү Кудай уулдарын тегеректеп курчашып, шайтандын жебелеринен сактап тургандыгын көрөт элек. УК 339.3